Бүгүн куттуу Нооруз майрамы. Күн менен түн теңелген Чыгыш элдеринин Нооруз же “Жаңы күн” майрамы кылымдар бою белгиленип келет. Бул майрамдын формасы менен маңызы калыбында сакталып калган. Нооруздун негизги жөрөлгөлөрүн бири арча түтөтүп, алас айтуу, элибизде салтка айланган сүмөлөк жасоо. Майрам жыл сайын өлкөнүн баардык аймагында шаан-шөкөт менен чоң масштабда белгиленип келет. Нооруз майрамы адаттагыдай эле И.Арабаев атындагы КМУнун Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинде жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Факультеттин эмгек жамааты жана студенттери кирип келген Нооруз майрамы менен сиздерди куттуктайт! Жаңы жылыбыз жакшылыктарды алып келсин! 🤲☺️ Башталыштар ийгиликтерге толсун, Майрамыңыздар менен!👏

fmoit.arabaev.kg